26-октябрда кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга татыды.
Бул медаль Кыргыздын тарыхында 9-болуп саналды. Буга чейин кыргыз балбандар Дүйнө чемпиондуктарында 1 күмүш жана 7 коло медаль тагынышкан.
Алгачкы медалды Кыргыз капчыгына 1994-жылы Кенжебек Өмүралиев алып келген. Анда ал Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Дүйнө биринчилигинде эркин күрөш боюнча мелдеште коло медалга татыган.
1999-жылы өлкөбүздүн атактуу балбандарынын бири Раатбек Санатбаев Грециянын Афины шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло байгени жеңип алган. Санатбаев грек-рим стилиндеги 85 килограммга чейинки салмак ченинде айырмаланган.
2005-жылы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу Будапештте өтүп, анда Кыргыз өлкөсүнөн Алексей Крупняков 3-орунду ээлеген. Ал грек-рим стилинде 96 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.
2006-жылы Канатбек Бегалиев өлкөбүзгө алгачкы күмүш медалды алып келген. Анда Дүйнө чемпиондугу Кытайдын Гуанчжоу шаарында өтүп, Бегалиев грек-рим стилинде 66 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн.
2007-жылы Кыргыздын легионер балбаны Базар Базаргуруев Азербайжанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло медалга татыган. Ал 60 килограммга чейинки салмак ченинде беттешкен.
2010-жылы Орусиянын Москва шаарында өткөн Дүйнө биринчилигинде Кыргыз капчыгын коло медаль менен Данияр Көбөнов толуктаган. Грек-рим стилиндеги балбан 74 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн.
2016-жылы Дүйнө биринчилигинде Эламан Догдурбек уулу айырмаланган. Мелдеш Будапешт шаарында өтүп, Догдурбек уулу эркин стилиндеги 70 килограммга чейинки салмак ченинде коло медалды ээлеген.
2017-жылы Айсулуу Тыныбекова Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште алгачкы медалды утуп алган. Мелдеш Франциянын Париж шаарында өтүп, Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп коло медалды тагынган.