Кечээ, 26-октябрда Советтик жана орусиялык актёр, Орусиянын Эл артисти Николай Караченцов 73 жаш курагында узакка созулган оорудан улам көз жумган. Караченцев бүгүн, 27-октябрда 74 жашка чыкмак.
Орусиялык маалымат каражаттарына актёрдун жакындары билдиргендей, ал өзүнүн туулган күнүнө бардык жакындарын, досторун, кесиптештерин чакырып даяданып жаткан. Ал жубайына ушул күнү ага жакын болгон бардык адамдарды көргүсү келип жатканын билдирген.
Ал эми туулган күнгө атайын буюртма менен даярдалып жаткан торт дагы даяр болуп калган. Тортто маркумдун эл арасына кеңири сиңген тасмада жана спектаклдерде аткарган образдары чагылдырылган.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 29-октябрда "Ленком" театрында өтөт.