Кыргыз өлкөсүндө акыркы 2 жыл ичинде ак илбирстерге аңчылык кылуу фактысы катталган эмес

Кечээ, 26-октябрда ак илбирстин эл аралык күнү белгиленди. Аталган жаныбарлар Кызыл китепке кирген жана аларга аңчылык кылуу дүйнө жүзүндө тыюу салынган.

Кыргыз өлкөсүндө да ак илбирстерге аңчылык кылып, аларды өлтүрүүгө тыюу салынган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик департаментинин маалымат кызматы билдиргендей, ак илбирсти атып өлтүрүү фактысы акыркы жолу өлкөдө 2016-жылы катталган.

"2017-2018-жылдары ак илбирсти өлтүрүү боюнча бир дагы окуя катталган эмес. Ал эми 2016-жылы мергенчилик кылып жүргөн адам ак илбирсти атып өлтүргөн. Ал кармалып кылган иши үчүн 500 миң сом айып төлөгөн", - дейт маалымат кызматынан.

Азыркы тапта ак илбирсти атып өлтүргөн жарандарга 1 миллион 500 миң сом айып салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан