Түркиянын Диярбакыр шаарында капысынан жер жарылып, үстүндө басып бара жаткан 2 аял түшүп кетти. Бул окуя видео байкоого тартылып калганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, көп кабаттуу имараттан чыгып бараткан дарыгер Сузан Кудай Балык жана медайым Өзлем Дуймаздын таман астындагы жер жарылып, алар жерге кирип кеткен. Аларга көчөдөн өтүп бараткандар жардам берип, ооруканага жеткиришкен. Жабыркаган аялдар жеңил жаракат алгандыктан, тийиштүү медициналык жардамдан кийин үйүнө чыгарылган. Ал эми жарылып кеткен жер имараттын жер төлөсү болгон деп айтылууда.