Өлкө аймагында күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз өлкөсүндө күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Сейсмология институтунан кабарлады.

Маалым болгондой, жер титирөө 26-октябрдан 27-октябрга караган түнү саат 2:48де катталган. Жер титирөөнүн очогу Кара-Үңкүр айылынын түштүк-чыгышында, Оттук айылынын түндүк-батышында, Казан-Куйган айылынын түндүгүндө, Нарын шаарынын түндүк-батыш жана Ош шаарынын түндүк-чыгыш аймактарында байкалган. Ал эми калк отурукташкан Оттук, Казан-Куйган, Кара-Үңкүр айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 балл, Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал айылдарында 2 жарым баллга жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан