8-июлда Нарын облусундагы Жумгал районунун Калык Акиев айылынын тургундары “Ыр кесе-2013” кароо-сынагын өткөрүштү. Сынак төкмө акын Калык Акиевдин 130 жылдыгына арналып, “Эл ичи таланттарга бай” деген аталышта өттү. Иш-чара жобого ылайык 2013-жыл Иштерман жылынын урматына май айында башталган. "Айыл ичиндеги таланттарды издейбиз" ураанынын алдында бул күнү айыл тургундары өз өнөрлөрүн тартуулап, кыргыздын улуттук каада-салт, үрп-адаттарын чагылдыруу менен баланы бешикке салуу салтын көрсөтүштү. Эске салсак, Жумгал району боюнча жыл башынан бери бул кароо-сынакта Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын тургундары ич ара айылдык аймактарга бөлүнүшүп өз өнөрлөрүн тартуулашууда. Буга чейин райондогу "Ыр кесени" Майда-Дөбө, Контор шайлоо округдары өткөрүшсө, эми Кара-Суу округунун тургундары "Ыр кесени" өздөрүнө өткөрүп алышты.