Кечээ, 26-октябрда Бишкек шаарында футбол боюнча кыздар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз курама командасы Мальдив аралдары курамасы менен ойноду.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алган беттеште Кыргыз курама командасы Мальдив аралдары курамасын ири эсепте утуп алды. Беттештин жүрүшүндө кыргыз футболчулары 9 гол киргизип, бир дагы голду өз дарбазасына өткөрүшкөн жок.
Муну менен Кыргыз курама командасы аталган мелдеште 3-жеңишине жетип, жалпы 9 упайга ээ болду. Жыйынтыгында тайпадагы 1-орунду Өзбек курама командасы менен бөлүшүүдө.
Айта кетсек, мелдештин жыйынтыгында финалдык этапка тайпанын жеңүүчүсү жана тайпалар арасында мыкты көрсөткүч менен 2-орунду ээлеген командалар чыгат. Финалдык этап 2019-жылы Таиландда өтөт.
Беттештердин жүгүртмөсү: