Өзбек жарандары эми Ташкентте туруктуу каттоосу жок эле ишке орношо алышат

Өзбек жарандары эми Ташкентте туруктуу каттоосу жок эле ишке орношо алышат. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Юстиция министрлиги сунуштаган "Айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору парламент тарабынан жактырылган. Эми мыйзамга ылайык өлкө жарандары Ташкент шаарында жана Ташкент облусунда туруктуу каттоосу жок деле ишке орношо алышат. Аталган мыйзам жумушту эркин тандоо, өлкө ичинде ээн-эркин жүрүү боюнча жарандардын Конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыздоого багытталган.

Айта кетсек, буга чейин өлкө жарандары Ташкенттен жаңы үй сатып алганда гана туруктуу каттоого тура алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek.Svoboda.
2018-10-27 18:06:24
Мнауларында да ошентишкенде жакшы болмок беле.Буларыда ошол жакта биро толо калып калмак эле!
+3
ikitaidesu
2018-10-27 22:44:15
Кыргызстан дан өткөн сонун жер барбы... Колдо бар алтындын баркы жок болуп, кордолуп жатат. Буйруса оңолуп кетээрбиз...
+3
Rifle_I
2018-10-28 01:08:34
ikitaidesu,120 койду Кытайга этке тапшырып салыш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан