"Ош" аэропортуна бараткан жолдо айдоочу 35 жаштагы жаранды өлтүрө сүздү

Ош облусунун Кара-Суу районунда "Ош" аэропортуна бара жаткан айдоочу 35 жаштагы жаранды өлтүрө сүзду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык 27-октябрда Кара-Суу районунун Нурдан айылында орун алган.

"Кара-Суу районунун 1965-жылы туулган К.М. аттуу тургуну Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасы менен аэропортту көздөй баратып жаранды сүзүп алган. Жабыркаган жаран Кашкар-Кыштак айылынын 1983-жылы туулган А.М. аттуу тургуну болгон. Ал алган жаракатынан улам аймактык ооруканага жетпей каза болгон", - дейт басма сөз кызматынан.

Учурда аталган окуя боюнча Кара-Суу РИИБи экспертиза дайындап, тергөө иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tynara81
2018-10-29 00:49:09
Нурдан эмес, Нурдар айылы. Экинчиден сүзгөн айдоочу , каза болгон жаран бир айылдан. Күнөө жөө жүргүнчүдө болгон. Ал мас абалында башка унаадан түшүп , катуу келаткан унаанын алдынан чыга калган.
+1
aerforce
2018-10-29 00:49:15
Эмнеге өлтүрө сүздү деп жаздыңар?
автоунаа койуп кетип каза болду деп жазбайсыңарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан