Кечээ, 27-октябрда Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында 36 жаштагы жаран баңгизат менен кармалганын жана ал айылдын имамы экендиги тууралуу облусттук милиция маалымат тараткан.
Ал эми бүгүн, 28-октябрда Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев SUPER.KG порталына кармалган жаран имам болуп иштегенин төгүндөдү.
"Баңгизат менен кармалган жаран имам болуп иштебейт. Ал мусулмандардын дин башкармалыгынын структурасында буга чейин дагы иштеген эмес", - дейт Атабаев.