Бишкек шаарында 2 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 70 жаштагы Жумабек Ороскулов изделүүдө. Бул тууралуу изделип жаткан жарандын уулу Таалай Ороскулов социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.
Маалыматка ылайык, Жумабек Ороскулов 26-октябрь күнү Будённый жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги (Свердлов району) үйүнөн эшикке чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал эки жолу инсульт алган. Мындан улам кээде эс-тутумун жоготуп калат.
Жумабек Ороскулов тууралуу маалымат билгендер 0 (557) 30-47-47, 0 (555) 28-02-66 аркылуу байланышса болот.