Бир жума ичинде өлкө боюнча 18 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери республика боюнча 12-октябрдан 18-октябрга чейин 18 миң 169 жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктаган. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Жол эрежелерин айдоочулар төмөнкүдөй жолдор аркылуу бузушкан;

343 айдоочу жол чырактын кызылы күйгөндө өткөн;

225 айдоочу мас абалда унаа башкарган;

1996 айдоочу унаа каражатын жогорку ылдамдыкта башкарган;

3135 айдоочу жол белгилери боюнча эрежелерди сактабагандыгы үчүн айып салынган;

1500 айдоочу унаасынын жарыгын жандырбай айдаган;

1478 айдоочу башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан;

48 айдоочу унаанын алдыңкы жана каптал айнегин караңгылатып жүргөн;

3252 унаа башкарып баратып телефон менен сүйлөшкөн айдоочуга айып салынган.

Жыйынтыгында 1117 транспорт атайын унаа токтотулуучу жайга токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kychtyy
2018-10-29 12:57:08
Бир жумада мин штраф менен 380сом 18000×380=6840000 сом. Бир жумадагы айып акчалар. Эгер сол чонтоко кетбесе. Бул акча менен кочолорду ондоп жол чырактарды коюп. Кочолорго камераларды коюп. Эч кимге жалдырабай эле. Таза коом деген балекетти эч кимден карыз албай эле бутурсо боло турган. Бул дагы азайтылып берилди болуш керек. Гаинин баары эле протокол жазбай эле акчасын алып кое берип атбайбы. Бир жумада 98 мин$ болот экен. Бир айда 396мин$ орто эсеп менен. Бир жылда 4.5$миллион болот экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан