Бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын "Төлөйкөн" ат майданында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу башталды. Кыргыз өлкөсүнүн бардык облустарынан келген 9 команда катышып жаткан Өлкө чемпиондугунун алгачкы беттешинде "А" тайпасындагы Бишкек курама командасы менен Чүй облусунун курамасы кез келди.
Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө эле сары-өзөндүктөр өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүп тай казанга биринчи улакты таштап, эсеп санын ача алышты. Биринчи бөлүктө кызуу таймаш орун алып Чүй курама командасы 5 улак таштаганга жетишсе, Бишкек курамасы 1 гана улак менен жооп кайтара алды.
Күлүктөрдүн туяктары ат майданын дүбүрөткөн оюндун 2-бөлүгүндө да кызыктуу оюн орун алды. Анда 2 курама тең тай казанга бирден улак салганга жетишти. Эсеп саны 6:2.
Үчүнчү бөлүктө Чүй облусунун курамасы жалпы 4 улак салып, ал эми Бишкек курамасы 1 улак салып беттеш 10:3 эсебинде аяктады.
Оюндардын жүгүртмөсү:
29-октябрь.
Саат 10:00дөн 11:30га чейин - Чүй облусу - Бишкек шаары;
Саат 11:30дан 13:00гө чейин - Ош облусу - Жалал-Абад облусу;
Саат 13:00дөн 14:40ка чейин - Талас облусу - Баткен облусу.