Алынган насыялык, гранттык каражаттар кайда кеткени көрүнбөй калууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов айтты.
Депутаттын айтымында, каражаттар көзгө көрүнө турган иштерге жумшалбай жатат.
“Алынган насыялык, гранттык каражаттар кайда кеткени көрүнбөй жатат. Биз баарына чачып берип коёбуз, кумга сиңгендей жок болуп кетүүдө. Насыя, гранттык каражат алганда чоң, көзгө көрүнө турган ишканаларды курсаңар. Мындан кийин келишимге барып жатканда ушундай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүңүздөр”, - деди Жамалдинов.