"Мындай биздин эле өлкөдө бар". Депутат Кыргыз жергесинде гана ашууларда жолго кум кол менен чачыларын айтты

"Кышкысын жолго кумду кол менен чачуу биздин эле өлкөдө бар” деп бүгүн, 29-октябрда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин отурумунда депутат Сайдулла Нышанов айтты.

Ал жол тазалоочу техникаларды заманга ылайык техникаларга алмаштыруу керектигин белгиледи.

“Бизде кышында Төө-Ашуу, Ала-Бел жана башка ашууларда жол тайгак болуп тоскоолдуктар жаралат. Ал жерде жолго кумду кол менен чачышат. Мындай ыкма дүйнө жүзү боюнча биздин эле өлкөдө калган болуш керек. Жолго кум чачуунун пайдасы аз. Кийинки жылдын бюджетине киргизип, 20-30 атайын техникаларды алсак жакшы болмок. Азыр бир эле учурда карды күрөп, артынан кум чачып кеткен техникалар бар. Кийинки жылдын бюджетине ушул маселени да киргизсеңер”, - деп Нышанов вице-премьер-министр Замирбек Аскаровго кайрылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
PROS
2018-10-29 11:59:33
Ыы Африка өлкөлөрүндө кар жааганда көпчүлүк болот элек. Техника алалы деп бир нече миллион доллар карыз алгыла да анын үчтөн экисин чөнтөгүңөргө салгыла. Ошондо жакшы жашоо болот.
-1
Benazir08
2018-10-29 12:04:31
Жакшы сунуш бизде туз чыккан тоо бар ошодон кенири алып иштетишсе болот мына россияда бассан турсан туз го уйуно чейин кирип келет тущ чачышыбыз керек жаткан тузду эмнеге иштете албайбыз?
0
bond
2018-10-29 13:27:17
Benazir08,россияда туз чачылбайт реагендерди чачат. Туз чачсан штраф бирок кичине кошуп жиберсе керек деп ойлойм.
+1
ekaterinburg
2018-10-29 12:13:42
"Таш доордо"жашайбыз дагы эле..."Грубо"айтканда.
0
kechirmeni
2018-10-29 12:47:23
байкуш депутат уялып атса керек
-1
bond02
2018-10-29 14:24:35
Депутат машинасынын донгологун алмаштыра элек окшойт.
+1
Frunze2
2018-10-29 14:44:18
Бир нерсе деп айтуудан да коркуп калдык. Датка Кемин чордону курулду деп суйунуп отурсак, ага деп болунгон акчанын тен жарымын "жеп" коюптур Атамбаев шайкасы менен. Бишкек ТЭЦти, Тарых музейди жанылайбыз деп жарым миллиард доллар акчаны "сугунуп" коюптур. Алтернативдик Ош-Бишкек жолун курууда бир кг цементтин баасын 10$дан эсептешиптир, базарда 1кг цементтин баасы 6 сом, б.а. 10 цент, 10 доллар эмес. Б.а. 100 эсе кымбат корсотушуптур.
+2
Frunze2
2018-10-29 14:47:45
Эми депутат айткандай ошондой техника сатып алыш керек деп айткын келет, бирок 10 даана техникага жете турган акча болунсо, 5 даана техника сатып алынып, калган 5 даана техниканын акчасы сол чонтокторго кетет да. Ал да аздай 3-5 жылдан кийин эбин таап сатып жиберишет да, самолет саткандай, саткан акчасын оз чонтокторуно салып алышат, менчик унаасын саткансып... Ошого бир иш кылышын да каалабай калдык, буркурап коррупция жыттанып турушса.....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан