Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу: Ош облусунун курамасы Жалал-Абад курамасын ири эсепте утуп алды

Бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын "Төлөйкөн" ат майданында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу башталды. Мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн бардык облустарынан келген 9 команда катышып жатат. Өлкө биринчилигинин алгачкы беттешинде Чүй курама командасы Бишкек курама командасын 10:3 эсеби менен утуп алса, 2-беттеште Ош облусунун курамасы Жалал-Абад курамасы менен ойноду.

Беттештин 2-мүнөтүндө Ош облусунун улакчысы Баяман Ниязов эсеп санын ачса, 17-мүнөттө Жалал-Абад курамасы Кумарбек Бакытбек уулунун таштаган улагы менен жооп кайтарып эсепти 1:1 кылды. 2-бөлүктө Ош облусунун курама командасы чабуулдарын күчөтүп, 7-мүнөттө Улан Таштанбеков эсепти 2:1 кылып, 12-мүнөттө Тынчтык Токтомамитов эсепти 3:1 кылды. 3-бөлүктө Баяман Ниязов дагы бир жолу айырмаланып, 4:1 эсеби менен Ош облусунун курама командасы жеңишке жетти.

Бүгүн дагы Талас облусу менен Баткен облусунун курама командалары кез келет.

Оюндардын жүгүртмөсү:

29-октябрь.

Саат 10:00дөн 11:30га чейин - Чүй облусу - Бишкек шаары;

Саат 11:30дан 13:00гө чейин - Ош облусу - Жалал-Абад облусу;

Саат 13:00дөн 14:40ка чейин - Талас облусу - Баткен облусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erjigit-e.15
2018-10-29 22:06:08
Ош облусу Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан