Биз социалдык тармакта

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулаган аял каза болду

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарындагы Ибраимов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кулаган аял, алган жаракаттарынан улам тез жардам келгенге чейин каза болгон. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маркумдун жакындары аял мурда психикалык жактан жабыркап жүргөнүн айтышкан.

Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Учурда тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалып, окуянын жагдайлары такталууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан