Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жетти. Жолдордо абал кандай? (видео)

Бүгүн, 17-ноябрда, Ысык-Көл облусундагы Түп – Кеген эл аралык унаа жолу жана Каркыра – Турук – Сары-Жаз унаа жолу толугу менен ачык. Учурда эки багытта тең унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, №4 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолдорду кеңейтүү, кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле жолдун коопсуздугун камсыздоо үчүн атайын техникалар тартылган.

Белгилей кетсек, 15-ноябрда Ысык-Көл облусунда тынымсыз кар жаап, айрым жол тилкелеринде кардын калыңдыгы 40 сантиметрге чейин жеткен.

Тактап айтканда, Түп – Кеген эл аралык унаа жолунун 33-76-чакырымдарында кардын калыңдыгы 30-40 сантиметрди түзгөн. Каркыра – Турук – Сары-Жаз жайлоосуна кеткен жолдун 16-чакырымында 40 сантиметрге, ал эми Түптөн Каркыра айылына чейинки жолдо 10-20 сантиметрге жеткен.

"Жол тейлөө кызматкерлери кар жааган күндөн тартып жолдорду тазалоо үчүн күнү-түнү иштеп, учурда каттамдын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздашты", – деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көлдө кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жетти. Жолдордо абал кандай? (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан