Бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын "Төлөйкөн" ат майданында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу башталды. Мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн бардык облустарынан келген 9 команда катышып жатат.
Өлкө биринчилигинин алгачкы беттешинде Чүй курама командасы Бишкек курама командасын 10:3 эсеби менен утуп алса, 2-беттеште Ош облусунун курамасы Жалал-Абад курамасын 4:1 эсебинде уткан. Ал эми бул күндүн акыркы беттешинде Талас курама командасы менен Баткен облусунун курамасы кез келди.
Беттештин 1-бөлүгүндө Талас облусунун улакчылары 6 улак таштаса, Баткен курамасынын улакчылары Камбарбек Ботокуловдун таштаган улагы менен жооп берди. 2-бөлүктө таластыктар 5 улак таштап, 3-бөлүктө дагы 5 улак таштаганга жетишти. Муну менен беттеш 16:1 эсеби менен аяктап, Талас облусунун курама командасы алгачкы жеңишине жетти.
Бул беттеште Талас курама командасынан Нооруз Раатбек уулу 4 улак таштап, Нуржан Мелисбек уулу 3 улак таштаганга жетишти. Атаандашынын тай казанына 2 улактан Турат Эмилбек уулу, Кушчубай Илис уулу жана Арстанкул Табышов таштаса, 1 улактан Эрсултан Айдаркан уулу, Ариет Төлөнов жана Нурлан Узеев салышты.
Бул оюн менен 29-октябрда өтүүчү беттештер аяктап, эртең, 30-октябрда Бишкек шаары-Ош шаары, Жалал-Абад облусу-Нарын облусу жана Баткен облусу-Ысык-Көл облусу беттештери орун алат.
Оюндардын жүгүртмөсү:
29-октябрь.
Чүй облусу-Бишкек шаары - 10:3;
Ош облусу-Жалал-Абад облусу - 4:1;
Талас облусу-Баткен облусу - 16:1.
30-октябрь
Саат 10:00дөн 11:30га чейин - Бишкек шаары-Ош шаары;
Саат 11:30дан 13:00гө чейин - Жалал-Абад облусу-Нарын облусу;
Саат 13:00дөн 14:40ка чейин - Баткен облусу-Ысык-Көл облусу.