Япониянын ханбийкеси карапайым үй-бүлөнүн уулуна турмушка чыгып, титулунан баш тартты

Японияда ханбийке Аяко менен Кэй Мория баш кошту. Үйлөнүү салтанаты 29-октябрда Токиодогу Мэйдзи ибадатканасында болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.


Ханбийке Аяко император Акихитонун бир тууганы ханзаада Такамадонун үчүнчү кызы. Анын жолдошу Кэй Мория ак сөөктөрдөн эмес. Экөөнүн үй-бүлөсү расмий түрдө катталгандан кийин ханбийке титулунан ажырайт.

Колукту чач жасалгасын Хэйан стилинде жасатып, улуттук көйнөк кийген. Ал эми күйөөсү алды кыска, арты узунунан тигилген күрмө кийди.

Ханбийке 28 жашта. Ал эми Кэй Мория 32 жашта. Ал "Nippon Yusen" транспорттук компаниянын кызматкери экени маалым болду. Ханбийке маалымат жыйында: "Биздин турмуш куруп жатканыбыз жана бизди ушунча көп адам куттуктап келгенине абдан сүйүнүп жатам", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
taalay25
2018-10-29 21:01:51
Чач жасалгасы «кобранын башындай» го!)
+12
Ak_Bulut
2018-10-29 21:32:14
Кийин окунуп калба...
-4
monster_high_98
2018-10-29 22:19:53
Ak_Bulut,Эмнеге окунот?Суйуктуусу учун бардык нерседен кечип жатат,негизгиси бактылуу болушат!Кээ бирлерге окшоп,озуно окшогон ак соокко турмушка чыгып,мансабы учун гана жашап,калп бактылуу корунгондон ушул артыгыраак
+8
sherzatik
2018-10-29 21:57:57
Кыргыз дагы баштадыңбы чукулаганыңды. Сен кимсиң өзү адам баласы? Кайсы арыңа кыйынсың. Ал дагы сага окшогон алла жараткан инсан. Катуу айтсам мени кечиргиле?
+16
bond02
2018-10-29 23:36:53
прическа кочкордун муйузундой го.
-1
Koichuman
2018-10-30 01:01:47
Эн башкысы бактылуу болушсун!ото жонокой кыз экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан