Таласта суу сактагычтын жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылды

Талас облусунун Кара-Буура районунда суу сактагычтын жээгинен белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-октябрь күнү саат 18:51де Бакыян айылындагы Киров суу сактагычынын жээгинен белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат “102” кызматынан келип түшкөн. Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигин куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар барып, анын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан