Кытайда канча Кыргыз жараны өлүм жазасына тартылганы белгилүү болду

Кытайда 2 Кыргыз жараны өлүм жазасына тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Руслан Казакбаев айтты.

"Бүгүнкү күндө Кытайда биздин канча жаран түрмөдө отурат, алардын ичинен канчасы экстремизм, террорчулук менен кармалгандар. Ошондой эле биздин өлкөдө канча Кытай жараны түрмөдө отурат жана канчасы террорчулук, экстремизм боюнча кармалды эле. Кытайда биздин жарандар өлүм жазасына тартылып кеткен учурлар бар, биздин 2 жаран өлүм жазасына тартылган. Бул нерсени эмне үчүн айтып жатам, Кытай тарап менен сүйлөшүп, биздин жарандарды өткөрүп алуу боюнча иштер жүрүүдөбү?” - деп сурады Казакбаев.

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун бүгүнкү күндө Кытайда 17 Кыргыз жараны абакта отурганын билдирди. Башка тийиштүү органдар бул маселе боюнча негизги маалыматтар бар экенин, бирок аны такташ үчүн жооп бербей турганын билдиришти.

Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү өлкөдө экстремизм, террорчулук боюнча жалпы 160 кылмыш иши козголуп, 77 адам жоопкерчиликке тартылганын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aiba.8327
2018-10-30 11:46:48
Биз наборот кытайларды уйлонтуп кобойтуп жатабыз меймандос элбиз....да
+24
Nanei
2018-10-30 12:16:54
Терроризм,экстремизм,наркозаттар менен кармалгандарды кайра бул жака апкелип эмне кыласынар??
+12
erkeleim
2018-10-30 14:12:47
Кытайлар мировой проблема кайсы олкого барба ушулардан жадап кутула албай жатканын коросун. Биздего уйур уйуру менен келип байырлап алышты. Эси жок кыздарыбыз тууп берип атат
+18
OMURBEK.
2018-10-30 16:05:06
Кытайлар Кылмышкерлерди камап жок кыла албай жатса
Биздикилер аларды алып келип боштондука чыгара албай жатышабы эмне
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан