Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Иса Өмүркулов мугалимдердин айлыгы качан көтөрүлө турганын сурады.
Каржы министри Адылбек Касымалиев мугалимдердин айлыгы 2015-жылы көтөрүлгөнүн эскертти. "2019-жылы мугалимдердин айлыгын көтөрүү пландалган эмес. 2020-жылдан тарта укук коргоо органдарынын маянасы көтөрүлөт", - деди министр.
Иса Өмүркулов: "Мен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлыгы тууралуу сураган жокмун. Алардын айлыгы жакшы. Жакшы айлык албаганы башка жактан алып жатат. Мугалим, дарыгерлердин айлыгы көтөрүлүшү керек. Өкмөт бул боюнча иш алып баруусу зарыл", - дейт Өмүркулов.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.