Өлкөдө бал былтыркыга салыштырмалуу үч эсе аз болду. Балчылар продукцияны сатууда кыйынчылыктар көп экенин айтышат

Кыргыз жеринин суусу, гүлдөрү, климаты жогорку сапаттагы балды өндүрүүгө ылайыктуу экени белгилүү. Буга кыргыз балынын эл аралык жарманкелерде мыкты деп табылганы далил. Өлкөбүздүн дээрлик бардык аймактарында бал өндүрүүчүлөр бар. Ар бир аймактан алынган бал өзүнчө уникалдуу. Балчылардын көйгөйү да окшош. Мисалы, бал өндүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү балды өздөрү же туугандары аркылуу сатышат. Балды өндүрүүчүлөрдөн балды сатып алуу жана бирдиктүү бааны коюу менен Айыл чарба министрлиги алектенбейт. Балды сатуу балчылардын гана көйгөйү. Ошентсе да 1 килограмм балдын баасы бир топ жылдан бери 200-300 сомдун тегерегинде болуп келүүдө.

Быйыл көпчүлүк облустарда бал аз алынган. Буга жаздын жаанчыл болгону себеп. Учурда Бишкекте бал сатып жаткан Ырыскүл Мырзабек кызы ата-энеси балчылар экенин белгилеп, быйыл бал аз болгонун айтты.

"Быйыл бал былтыркы жылга караганда аз болду. Өзү ар бир бал челекке 12 рамка тартылышы керек. Дагы 4 рамка запаста болот. Быйыл эң көп дегенде 6 рамка тартылды. Аба ырайы жакшы болгондо ар бир рамкадан 4 килограммдан бал чыкмак. Быйыл 1-2 килограмм эле алынып калды. Бал бир жылы жакшы болот, кийинки жылы аз болуп калат. Жаз жаанчыл болсо гүлдөр гүлдөп, анын ширесин аарылар тарта турган маалда гүлдү үшүк алып кетет. Бул учурда бал жакшы болбой калат. Дагы бир себеби аарылардын ооруп калышы. Мен ата-энем өндүргөн балды сатам. Өзүбүздүн бал челегибиз аз болгондуктан, Бишкекте эле сатабыз", - деди ал.

Токтогул районунда бал өндүрүү менен алектенген Кыяс Шаимкулов бал алууга караганда сатууда кыйынчылыктар көп экенин белгилеп өттү.

"Былтыр 1,5 тонна бал алганбыз. Быйыл болсо жарым тонна алдык. Бул көрсөткүч баасына таасирин тийгизген жок. Сатууда кыйынчылыктар болот. Балды литрлеп салып алып "Бал аласыңбы?" деп ар кимге жалдырап жүрөбүз. Баарын алган кардар деле жок. Эч ким деле колдобойт, өзүң үчүн эле сатып жүрөсүн. Бирок кеч түгөнөт. Быйылкы балды сата элекпиз. Балды көп алгандар арзан алышат. Туугандарым сатып, жардам берип жатышат. Биз литрлеп 300-350 сомдон сатсак, алар килограммын 150-200 сомдон алып коюшат. Балды алуу жолун өздөштүрүп алгандыктан, сатууда кыйынчылыктар бар. Бал челектерди жайында көчүрүү керек, аарыларга шекер бериш керек. Кышында кайра тоодон көчүрүп келип, камап, үстүн жаап чыгасың. Жазда ачасың. Челектер оор. Быйыл кеткен чыгым акталбай калды. Бир жылда 50 челекке 50 миң сом сарпталат. Жалпысынан 100 миң сомго чейин каражат кетет. Бал жакшы болуп калса, ар бир бал челектен 30-35 килограмм аласың. Быйыл 1 ящиктен 10 килограмм алып калдык", - деди Кыяс Шаимкулов.

Кыргыз жеринде өндүрүлгөн бал Орусия, Казакстан, Кытай, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары, Малайзия, Бахрейн, Катар, Кувейт, Ооганстан, Иордания, Индия, Ирак, Япония, Түштүк Корея, Польша, Норвегия, Нидерланды мамлекеттерине экспорттолот.

Айыл чарба министрлигинин мал чарбасы, асыл-тукум иштери жана илим саясатын өнүктүрүү бөлүмүнөн "Эгерде балчыларда 200 тоннадан ашык бал болсо, министрлик өкмөттөр аралык комиссияларга кызматташтык боюнча сунушун бере алат. Балды экспорттоо үчүн тийиштүү документтер чогултулуп, сапаты талапка ылайык болушу керек" деп билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Flowhive
2018-11-06 18:59:05
Экспорттолот? Канча кг ... күлкүлүү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан