"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Облустук администрация: "Таласта аткезчилик жол менен күйүүчү май саткандардын саны азайган"

"ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман буга чейин "Талас облусунун аймагында аткезчилик жол менен күйүүчү май алып келип саткандардын соодасы күч алды" деп билдирген.

Бул боюнча Талас облустук администрациясына байланышып, жогорудагы көйгөй боюнча кандай иштер жасалууда деген суроого төмөнкүчө жооп алдык:

"Көчөлөрдүн жээктеринде жана турак үйлөрдө коопсуздукту сактабай күйүүчү майдын бардык серияларын саткан жарандар тууралуу маалыматыбыз бар. Бул боюнча маал-маалы менен Мамлекеттик экотехинспекциясы, облустук өрткө каршы кызмат жана салык кызматы менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Сүрөттө көрүнүп тургандай, бул сатуу иштери жайында көп жүргүзүлгөн. Азыр деле саткандар жок эмес, бирок массалык түрдө эмес. Ошондой эле көпчүлүк үй-бүлөлөр негизги тиричиликти май сатуу менен кылышат. Ошол себептен убактылуу токтотуп коюп эле кайра сатып башташат. Мындан улам толук токтотуп коюу мүмкүн эмес, маал-маалы менен профилактикалык иштер жүргүзүлүп турат", - деп билдирди облустук администрациянын маалымат катчысы Бакай Садыров.

Белгилей кетсек, бизге кабар жиберген окурман "Өрт коопсуздугу сакталган эмес, кокус жарылуу болсо, ким жооп берет? Айрыкча калктуу конуштарда ачык-айрым эле соода кылып жатышат. Биринчиден, элдин коопсуздугу коркунучта, экинчиден, экологияга терс таасир тийгизип, жергиликтүүлөрдүн саламаттыгына коркунуч жаратууда. Бул аткезчилик менен иш кылгандар салык төлөшпөйт. Мындай баш аламандыкты ким токтотот?" деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан