Кадамжайдагы Бирлик айыл аймагында мектеп окуучуларынын ортосунда массалык мушташ болуп, 2 окуучу оор жаракат алганын ЭЛДИК КАБАРга байланышкан окурман билдирген эле. Окуя боюнча өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторлор иш алып барып, иликтөө жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Орозалиев билдирди.
"Мектеп окуучулары топ ойноп жатканда пикир келишпестик чыгып, мушташып кетишкен. Мугалимдер, ата-энелер менен жыйындар болуп жатат. Окуучуларга дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Сабалган балдардын абалы жакшы. Ким күнөөлүү экенин, сабагандарга кандай жаза берилерин өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторлор карап чыгып, чечим кабыл алышат", - деди ал.
Айта кетсек, №29-Акбала Шамурзаев атындагы мектептин окуучуларынын арасында массалык мушташ чыгып, 9,10,11-класста окуган 30дай окуучу (Сур айылынан) 11-класста окуган (Ормош айылындагы) 2 окуучуну сабап салышкан. Алган жаракаттарынан улам 2 бала эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Окуяга көп жылдан бери келе жаткан эки айылдын пикир келишпестиги себеп болгон.