SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бүгүнкү маанай кандай?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Урматтуу форумчулар, бул жерге бүгүнкү маанайыңызды жазсаңыз болот. Көңүлүңүздөгүнү айтып, жеңилдеп алыңыз... Жамгыр жаап, күн бүркөлгөнүнө карабастан маанай "+5"" деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Азырынча сонун, бирок сезип турам... Азыр бирөөлөр келгенде маанай өзгөрүп кетерин".
- "Маанай жакшы эле, колу-бутум тоңуп калганына карабастан".
- "Ойдогудай. Көңүлүм каалагандай иштерди жасаганга аракет кыла баштадым. Аба ырайы да керемет! Адамга башка эмне керек?!"
- "Баш ооруп, кыйналып жатам. Маанай кандай экенин деле билбейм, кечээ бирөөгө таарынгандай сезим болуп жатат..."
- "Билбейм маанайым кандай экенин. Менин оюмча, өтө эле жакшы го... Себеби ойгонорум менен бирөөнүн сюрпризине туш болдум".
-"Маанай жакшы, буюрса... Айгырдай азынып турат жулкунуп, көз тийбесин. Жумуштамын, кошунанын баласы келип эле жиниме тийип жатат. Маанайымды буза элек азырынча... Бузалбайт го..."
- "Маанай өтө жаман, ашыгып, бирөөнү сагынып келсем күткөн адамым келбей жатат".
- "Азыр эле бир сонун кабар уктум, маанайым "+100" болуп кетти... Асманга көкөлөп учкум эле келип кетти чиркин... "Кыялдар орундалат!" деп кыйкыргым келип жатат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.