Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев депутат Эльвира Сурабалдиеваны факт менен сүйлөөгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтты.
Депутат Сурабалдиева дыйкандарда суу тартыштык көйгөйү бар экенин, аталган министрлик тиешелүү маселелерди чечпей жатканын билдирди.
Министр Нурбек Мурашев көйгөйлөр, маселелер чечилип жатканын белгиледи.
“Кайсы айылда суу жетпей жатыптыр, так, факт менен айтыңыз. Биз деле убагында депутат болгонбуз, азыр да элди кыдырып турабыз”, - деди Мурашев.
Сурабалдиева министрге Чүй аймагындагы айылдарды биргеликте кыдырып келүүнү сунуштады.
“Чүй аймагын чогуу кыдырып келели. Мен так эле Чүй облусунун айылдары деп айтып жатам. Сиз депутат менен сүйлөшүүдөгү кызматтык мамилени (субординация) сактасаңыз. Экономика министринен кийинки кете турган талапкер сиз болуп калбаңыз. Эшикке миңдеген дыйкандар келгенде жооп берүү кыйын болуп калат”, - деди Сурабалдиева.