Баткен облусунда 17-октябрда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда эки Мерседес-Бенц-Спринтер унаалары сүзүшүп, 22 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 1 адам каза болгон.
Учурда жол кырсыгынан жабыркап, ооруканада жаткан 7 адамга операция жасалат. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG порталына облустук оорукананын башчысы Нурлан Салиевге байланышканыбызда билдирди.
Маалыматка ылайык, облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 2 адам оор абалда жатат.
"Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 адамдын абалы боюнча айтсам, кичине жылыш бар. Бирок абалдары оор бойдон калууда. Ал эми жол кырсыгынан буттары сынган 7 адамга жакынкы убакыт аралыгында операция жасалат. Операция качан жасаларын так айта албайм, себеби бейтаптардын абалына карайбыз. Ал үчүн тиешелүү анализдерди тапшырып, бейтаптарды көзөмөлдөп жатабыз", - деди оорукананын башчысы.
Эске салсак, 17-октябрда эки Мерседес-Бенц-Спринтер унаалары бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада 22 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 1 адам оор жаракат алганынан улам каза болуп калган.