Кожобек Рыспаев Бишкек ЖЭБинде абал кандай экенин айтып берди

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи чуусунун парламентте көтөрүлүшү (218 материал)

“Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБинде абал туруктуу, жаңы химиялык цех иштеп жатыптыр” деп бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйыны тууралуу депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

Анын айтымында, көчмө жыйын Бишкек ЖЭБинде аткарылып жаткан иштер менен жакындан таанышуу үчүн уюштурулган.

“Былтыркы авария учурунда Бишкек ЖЭБинин чатыры ачык, капталындагы айнектери жок болгон. Мындан улам катуу суукта түтүктөргө суу келбей тоңуп калып авария келип чыккан. ЖЭБдин кызматкерлери ачык эле жерге от жагып түтүктөрдү жылытып жатканын авария болгон убакта өз көзүбүз менен көргөнбүз. Бүгүнкү күндө абал туруктуу, жаңы химиялык цех иштеп жатыптыр. ЖЭБдин жетекчиси да калган иштерди декабрь айына чейин бүтүрөбүз деди.

Бүгүнкү жыйында убактылуу комиссиянын жыйынтыгына ылайык берилген тапшырманын аткарылышы эске алынсын деген чечим чыгардык. Кат түрүндө ала турган суроолорубузду тиешелүү жетекчилерге бердик. Бишкек ЖЭБи боюнча Жогорку Кеңеште бизден бөлөк 2 комитет иштеп жатат. Алар авариянын келип чыгышына кимдер күнөөлүү, тергөө амалдары кандай жүрүп жатат деген маселелер боюнча иш алып барышат”, - деди Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан