"Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссия ишин 10-декабрга чейин аяктайт
"Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссия өз ишин 10-декабрга чейин аяктайт. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди. Эске салсак, "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссия өз ишин ушул жылы 12-июлда баштаган. Комиссиянын отчёту 1-октябрга чейин өкмөткө, ал эми ЖКга 1-ноябрга чейин жиберилиши керек болчу. Бирок комиссия убакыттын тардыгынан улам ишинин мөөнөтүн узартып берүүнү суранышкан.