"Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы ТВЕА компаниясынан "Датка Кеминге" деп берилген 1 миллион доллардын эсебин билбейт

"ТВЕА компаниясы "Датка Кеминге" техника алып беребиз деп гранттык акчанын эсебинен 1 миллион доллар берген экен. Анын келечеги кандай болот?" - деп кечээ, 30-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин көчмө жыйынында депутат Кожобек Рыспаев өкмөт мүчөлөрүнөн сурады.

Эл өкүлү ошол акчага техникалар алынганы же алынбаганы тууралуу толук маалымат берүүнү талап кылды.

"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысы Азамат Абдыкадыров депутаттын суроосу боюнча так маалыматы жок экенин айтты.

“Бул тууралуу маалыматтарды тактап, анан кат түрүндө жооп берели, негизи эсеби болуш керек”, - деди “Улуттук энергетикалык холдингдин” башчысы.

"Датка-Кемин" подстанциясынын курулушу боюнча долбоор 389 миллион долларга бааланып, 2012-жылы келишим түзүлүп, 2015-жылы 28-августта аяктаган.

Курулушту кытайлык ТВЕА компаниясы жүргүзгөн. Аталган компания Бишкек ЖЭБин модернизациялоону да ишке ашырган. Депутаттар ЖЭБдеги авариядан кийин каражаттын кандай пайдаланылгандыгы боюнча "Датка-Кемин" подстанциясын да текшерүү керектигин сунуштап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Qwer007
2018-10-31 08:34:45
Адамдык сыпат деген жок экен да. Кыргызстанды карызга батырып,акыры эгемендуулугубузду жок кылат окшойсунар эшектер
+1
bond02
2018-10-31 09:42:32
1млн $ кордум дебейт экен да булар, вообще анаконда болуп кетиптир чондор.
+2
wwwbaxa
2018-10-31 10:17:08
Датка-Кемин подстанциясын да текшериш керек,ал жерде да уурдалган болуш керек акчалар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан