Ошто "өз атасы тарабынан зордукталды" делген 8 жаштагы кызга дайындалган комплекстик соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 2 аптадан кийин чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан маалымдашты.
"8 жаштагы кызга дайындалган комплекстик соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 1-2 күндө даяр болуш керек болчу. Бирок балдар менен иштеген дарыгер жана психологдор аз болгондуктан анын жыйынтыгы кечигип жатат. Болжол менен 2 аптага жакын убакыттын ичинде экспертиза даяр болуусу күтүлүүдө. Учурда кыз менен психологдор жана дарыгерлер иш алып барууда. Алардын берген тыянагына ылайык, кызга карата атасы тарабынан ыплас аракеттер жасалганы же жасалбаганы аныкталмакчы. Бул чечим кыздын атасынын мындан аркы жашоосуна чоң таасири тие тургандыктан дарыгерлер бардык берилген суроо-жоопторду, кыздын психологиялык абалына баа берип, кылдаттык менен жыйынтык чыгаруусу керек. Бул нерсеге убакыт талап кылынууда", - деп маалымдашты милициядан.
Эске салсак, Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборуна 3 балалуу келин алып келинген. Келиндин 8 жаштагы кызы өз атасынан сексуалдык зордук-зомбулук көрүп жүргөнүн борбордун башчысы Дарика Асилбекова билдирген. Буга чейинки дайындалган экспертизалардын биринен 8 жашар кыздын кыздык белгиси бузулбаганы белгилүү болгон. Ал эми кыздын атасы "кыйноо" беренеси боюнча айыпталып камакка алынган.