Депутат Бакыт Төрөбаев айыл чарба тармагына аз каражат бөлүнүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 30-октябрда "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, аталган тармакка каралган бюджет 1 миллиард 714 миллион сомду түзсө, анын 80 пайызы суу чарбасына жумшалат. Ошондуктан айыл чарбасынын бюджети колдоого муктаж. “Биз көп учурда финансылык каражаттарды экономикага пайда алып келбеген жакка коротуудан корушубуз керек. Кыргыз мамлекети -агрардык өлкө. Андыктан ар бир аймактардын өзгөчүлүктөрүн эске алуу кажет. Мисалы, дыйкандар Баткенде өрүк, Таласта төө буурчак, ал эми Ысык-Көлдө жемиш бактарын өстүрүүгө басым жасашууда. Нарын облусунда негизинен мал чарбачылыгы боюнча көрсөткүчтөр жакшы. Ошондуктан кайра иштетүү өнөр жайларын ачуу бүгүнкү күндүн талабы", - деди фракция лидери.