ЖЫЛНААМА, 31-ОКТЯБРЬ: Бүгүн дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Хеллоуин майрамы белгиленет

Хеллоуин - Ирландия жана Шотландия өлкөлөрүндөгү байыркы уруулардын салттарына байланышкан заманбап майрам. Жыл сайын 31-октябрда белгиленет. Хеллоуин англис тилдүү өлкөлөрдө майрамдалганы менен, расмий түрдө белгиленбейт. ХХ кылымдын аягында глобалдашуу жараяны менен англис тилдүү эмес өлкөлөрдө да Хеллоуиндин атрибуттарына мода башталган. Бул майрам АКШ жана Улуу Британия менен маданий байланышы бар Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Австралия жана Жаңы Зеландия сыяктуу өлкөлөрдө да белгиленет.

"Хеллоуин" сөзү англис тилиндеги "All-Hallows-Even" сөзүнүн гаэл тилинде кыскартылып айтылганы. Оксфорд сөздүгү боюнча бул сөз алгачкы жолу XVI кылымда эскертилет. Карнавал кийимдерин кийүү жакында эле пайда болгон салт. Алгачкы жолу карнавал кийимин кийип майрамдаган учур 1895-жылы Шотландияда катталган. Анда бет кап кийген балдар ар кайсы үйгө барып момпосуй, жемиш жана акча сурашкан. Хеллоуинде шайтандардын, кан соргучтардын, кубулма кишилердин, жез кемпирдин гана эмес, феянын, канбийкенин, поп-маданиятынын өкүлдөрүнүн да костюмдарын кийишет. Бул майрам Кыргыз өлкөсүндө акыркы 4 жыл аралыгында белгилене баштады.

31-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан