Түптөн Бишкекке кеткен бойдон 20 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Кымбат Акылбек кызы апасына байланышка чыкты

10-октябрь күнү Түп районунун Долон айылындагы үйүнөн Бишкекке кеттим деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы Кымбат Акылбек кызы апасына байланышка чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда анын апасы Мира Кенжекараева SUPER.KG порталына кабарлады.

Кенжекараеванын айтымында, кызы уюлдук телефонун жоготуп жиберген.

"Мындан улам менин телефон номеримди эстей албай жүрүптүр. Ага катар эле сыркоолоп калып, ооруканага жатып чыгыптыр. Ооруканадан чыгып жумушуна барганда гана менин издеп жатканымды чогуу иштегендерден угуптур. Кечээ байланышка чыгып, номериңизди сураштырып жатып таптым деди. Кантсе да кызымдын аман экенин угуп санаам тынчый түштү. Мени менен кошо санаа тарткандарга кабарлап коюуну туура көрдүм", - деди ал.

Айта кетсек, Мээрим Акылбек кызы Бишкек шаарында тигүүчү болуп эмгектенет. 7-октябрда Долондогу үйүнө барып, 10-октябрда кайра Бишкекке кеттим деп чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан. Анын 9 айлык уулу апасы Мира Кенжекараеванын колунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Gena1
2018-10-31 09:02:53
9 айлык баласы апасынын колунда болсо, озу 20 кунго жакын аралыкта байланышпай жургону жакшы эмес деп ойлойм. Албетте, ооруканага жаткан болсо жакындарына билдируу керек болчу эртерек.
+14
asman.81
2018-10-31 09:20:59
Эне жаап жашырып атат да,энесинин номерин кантип эстей албасын.9 айлык баласы калса бир маал сурап туруш керек да.Заманга шылтайбыз дагы.
+21
bond02
2018-10-31 09:37:28
Башканын номерин унутса да апасынын номерин унутпаса керек дейм.
+16
Krai
2018-10-31 09:47:35
Аа карындашым акылын жоок эле кыз экенсин кантип ушунча кун 9 айлык баланы эстебей кантип оз апаны эстебей ар бир кунду кантип откоруп аттын эне байкуш ошончо кун куну туну уктабай сенин азабынды тартып аз келгенсип 9 айлык баланы карап...
Бунун баарын сен да эне болгондо балдарын чонойгондо билесин
+11
naziman
2018-10-31 09:56:30
Жон гана шылтоо, апасынын номерин эстей албаса ооруканадан чыккандан кийин кантип эстеди, кантип байланышты
+7
barakcha
2018-10-31 10:21:55
Сага Кудай ыйман берсин!Соз жок...
+10
suyor
2018-10-31 10:37:09
Карындаш коздорун кичине ойноп туратда
+9
Baatirbek81
2018-10-31 10:48:15
Ойноп кетип эле унутуп калганго,болбосо байланышка чыгып турмакта.
+6
mandalak
2018-10-31 13:28:33
Журдунда биро жакшы суйлоп башынды сыласа тем боле ажырашыптырсын.
+9
jumaev0084
2018-11-01 02:21:37
Запойдон чыга албай журсо керек да
+2
Yago.limon
2018-11-01 10:38:24
Каерде болсо кыз балекеттиндин кырсыгы!!!Сонку кабарды жалан"баласын олтурду,дайынсыз жоголду,сузду,качты,сабады,ичти..." басып кетиптир го?Эмне эле болуп атат жашоо (((Зээнин кейит...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан