Жогорку Кеңеште жаңы депутат Нурбек Тотонов ант берди

"Республика-Ата Журт" фракциясынын жаңы депутаты Нурбек Тотонов Жогорку Кеңеште ант берди. Бүгүн, 31-октябрда парламенттин кезектеги жыйыны болуп жатат.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Асель Кодуранова депутат Нурбек Тотоновдун ишине ийгилик каалады.

26-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангуловдун депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуп мандатын Нурбек Тотоновго тапшырган.

Нурбек Тотонов 41 жашта, 2014-жылдан бери оор атлетика федерациясын жетектеп келген.

24-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов "Мегаком" компаниясынын директору болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан