Улуттук банк: "Кыргыз өлкөсүндөгү учурдагы накталай акчанын көлөмү 80 миллиард сом"

Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө 25 коммерциялык банк ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Улуттук банктын жетекчисинин орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө канча банк ишмердик кыларын жана өлкөдө накталай жүгүртүүдө канча сом бар экенин сурады.

Нурбек Жеңиш: "Бүгүнкү күндө өлкөдө 25 коммерциялык банк өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Учурда акча базасындагы акчанын көлөмү 101 миллиард сом, анын ичинен 80 миллиард сом акча накталай жүгүртүүдө. 15 миллиард сомдун тегерегиндеги акча накталай эмес", - дейт.

Депутат учурда элде акча жок экенине да токтолду.

“Учурда Улуттук банк өлкөнүн экономикасына таасир бере турган орган болбой калды. 80 миллиард сом эмне менен аныкталып жатат? Учурда республикада бардыгы эле насыя иретинде болуп калды. Азыр өндүрүлгөн товарлар насыяга эле сатылууда, насыяга алынууда. Мындайча айтканда, элде акча жок азыр, улуттук банк муну көзөмөлдөбөйбү?” - деди Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан