Транспорт министрлиги чоң жолдордо жүрүүдө акы алуу долбоорун сунуштаганы жатат

Транспорт жана жолдор министрлиги чоң жолдордо жүрүүдө акы алуу долбоорун сунуштаганы жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн 2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүү токтомунун негизинде жана жаңы салынган автоунаа жолдорунун сапатын сактап калуу максатында жолдон акы алуу демилгеси көтөрүлгөн.

"Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Сарыташ-Эркеч-Там, Ош-Баткен-Исфана жана башка унаа жолдору донорлордун каржылоосу менен калыбына келтирилген. Буга 2,5 миллиард доллардан ашык каражат жумшалган. Кыргыз мамлекети жолдорду оңдоо үчүн насыя ала турган абалда эмес. Жолдо жүрүүдө акы алуу боюнча долбоор иштелип жатат. Анда жеңил унаалар ар бир чакырымга 56 тыйындан, оор жүк ташуучу унаалар категориясына жараша 2 сомдон 14 сомго чейин деп болжолдуу түрдө эсептелинип жатат. 3 аптанын ичинде долбоор коомдук талкууга коюлушу күтүлүүдө", - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
anash
2018-10-31 11:04:11
ай акмактар эми ушул эле калды эле кылбаганынар
0
newman
2018-10-31 11:11:09
Жолду жакшы кылып оңдогула. Анан акча сурагыла. Россиянын плвтный жолдорун карасаң чындап берген акчага өкүнбөйсүң
0
-Sumitra-
2018-10-31 12:33:22
Элди тоноонун башкача жолу турбайбы?!Жолго кеткен миллиондорду эле кустурсанар жегендерден ошол эл бере турган акча чыгат.
0
Mirkgz-1990
2018-10-31 14:11:44
Биринчи товар анан акча... Биринчи акча толой Турган татыктуу жол салгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан