Ат-Башыда тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн 4 айлык Хамза Русланов дем алдыруучу аппараттын жардамы менен жашап жатат

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Калинин айылында жашаган 4 айлык Хамза Русланов операция жасатуу үчүн жардамга муктаж. Чиедей баласынын кыйналганына чыдабай коомчулуктан жардам сурап кайрылып жатканын Хамзанын апасы Перизат Муканбет кызы SUPER.KG порталына билдирди.

"Өзүм 1993-жылы Калинин айылында төрөлгөм. Турмушка чыгып 2 балалуу болгом. Экинчи уулум Хамза 2018-жылдын 28-июнунда жарык дүйнөгө келген. Балам төрөлгөндө эле дарыгерлер тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөнүн айтышкан. Ошондон бери ооруканага каттап жүрөбүз", - дейт Муканбет кызы.

Анын айтымында, Хамзанын жүрөгүнө операция жасатуу үчүн 4 миң доллар керектелет, бирок алардын үй-бүлөсүндө мындай каражат жок.

"Баламдын абалы күндөн күнгө оорлошуп жатат. Азыркы тапта ал атайын дем алдыруучу аппараттын жардамы менен гана жашап жатат", - деп кейийт эне.

Кичинекей Хамзанын өмүрүнө кайдыгер карабаган, боорукер жарандар болсо, 0775256566 номери аркылуу Перизат Муканбет кызына байланышка чыгып же Элсомго акча которсо болот.

0775256566 - Элсом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tattusha
2018-10-31 16:11:30
иий кичинекей айыгып кетсе экен
+2
barakcha
2018-10-31 19:32:46
Атбашыда олигархтар коп.Ичтерине ыйман кирип жардам берип калышаар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан