Салык кызматы бир айдын ичинде унаа салыгын өз убагында төлөбөгөн 1 миңден ашык айдоочуга айып салды. Мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, сентябрь айында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 405 рейд жүргүзгөн. Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 1 миллион 700 миң сом өлчөмүндө 1 миң 31 айдоочуга административдик айып салынган.
Салынган айыптардын 1 миллион 400 миң сому бюджетке өндүрүлгөн.
Эскерте кетсек, унаа салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 4-сентябрда аяктаган. Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндөр үчүн административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөмүнүн ар бир өтүп кеткен күнү үчүн туум эсептелет. Салык кызматы унаа салыгын төлөөгө жетишпей калган унаа ээлерин туумдун эсептелишинен качпай азыр да болсо төлөөгө чакырып келет.