Бишкек шаарынын Щербаков жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде күндө ар кандай жол кырсыктары каттала тургандыгын билдирип окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына кайрылган.
Окурман "Күн сайын жумушка бара жатып Орозбеков менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болгонун көрөм. Ал жердеги көчөлөр жаңы оңдолгондуктан унаалар катуу келип сүзүшүп алат. Буга жол чырактын жоктугу себеп болууда", - деген.
Бул боюнча Бишкек шаарындагы Свердлов райондук администрациясына кайрылганыбызда аталган көчөлөргө жол чырак коюлбай тургандыгын айтышты.
"Азыркы тапта айрым маалымат каражаттары адашып жатат, анткени Орозбеков-Баялинов көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак коюу маселеси мурда каралып, чечилген. 1-2 айдын ичинде жол чырак орнотулат. Ал эми Орозбеков жана Щербаков көчөлөрүнө жол чырак орнотуу маселеси каралган эмес. Ал жакка качан жол чырак орнотулат бизде маалымат жок. Толук маалымат алуу үчүн "Бишкекасфальт" ишканасына кайрылсаңыздар болот" - деп билдиришти администрациядан.
Ал эми "Бишкекасфальт" ишканасына байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал эми мэриянын Транспорт башкармалыгы аталган дарекке жол белгилерди жана жол чыракты орнотуу 2019-жылдын титулдук долбооруна киргизүү үчүн сунушталганын маалымдаган.