Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата шаардагы жаштар паркына "Мен Нарынды сүйөм" деген инсталляция орнотулган. Инсталляция ушул жылдын сентябрь айында коюлганын шаар тургуну маалымдады.
Ошондой эле атын атагысы келбеген тургун анын сынып калганына күбө болгонун билдирди.
"Мен анын сынып жатканын бүгүн эле көрдүм. Абдан кейиштүү. Эмнеге бар нерсени барктабайбыз? Кечээ эле бар нерсе бүгүн жок. Мындан тышкары парктагы селкинчектер да сынып жатканын көрдүм. Жашоочуларды муниципалдык мүлктөргө аяр мамиле жасоого чакырам", - деди ал SUPER.KG порталына.
Бул боюнча шаардык мэрия азырынча жооп бере элек.