Бишкекте мас абалындагы апасын тургуза албай убара болуп жаткан кыздын жана апасынын жашаган жери такталды

Бишкекте мас абалындагы апасын тургуза албай убара болуп жаткан кыздын жана апасынын жашаган жери такталды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы кабарлады.

"Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы бул үй-бүлө боюнча маалыматтарды тактады. Алардын "Манас" аэропорту жактагы Учкун айылында жашап келгени белгилүү болду. Топтолгон маалыматтар Чүй ОИИББинин жаш өсүпүрүмдөр менен иштөө инспекциясына өткөрүлүп берилди. Эми алардын тагдыры ошол жактан чечилет", - деп билдиришти шаардык милициядан.

Ал эми бул окуя боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул үй-бүлөө тууралуу маалыматтар топтолуп жатканын билдирди.

Эске салсак, Бишкекте болжолу менен 5-6 жаштардагы кыз мас абалындагы апасын тургуза албай убара болуп жаткан видео тараган. Бул окуя борбордогу Логвиненко жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде 30-октябрда саат 16.00дөр чамасында болгонун шаардык милициядан тастыктап, учурда териштирүү иштери башталганын айткан.

Бишкекте кичинекей кыз мас абалындагы апасын тургуза албай жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baku88
2018-10-31 13:37:45
Ичкиликтин айынан байкуш наристелерге эле абдан кыйын болду булардын эмне күнөөсү бар ушунчалык азап тарткыдай алар деген кичинекей да эмне жаман эмне жакшы экенин түшүнө элек көрүп жүрөгүн миң жеринен тилинет ата энесинин утурумдук жыргалчылыгы жаш бобокторду азапка салып жатат ушул ичкиликтин айынан канчалаган наристелер майып төрөлөт канчасы ата энесинен ажырайт канчасы ата энесинен алыс алыс өсүп жатат канчасынын тагдыры талкаланып канчасы өлүү тирилип канчасы аборт болуп жатат
+14
Baku88
2018-10-31 13:42:03
Ушул нерсенин баарына 2 буту 2 колу бар макулук адам деп да айткандан алыс бир ушунчалык жийиркеничтүү сасыган жүрөктүн ушун алган уккан адамдын көңүлүн айландырган макулуктар күнөөлүү азыркы учурда адамдан да айбандын деңгээли жогору болуп турган заман
+10
Zhoro
2018-10-31 13:42:48
Сары Камыштан болсо керек
-1
talaa11
2018-10-31 17:07:48
Журогум Эзилип,Эзилип кеттиго Байкуш жаш наристенин эмне гуноосу бар эле
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан