Ошто торт жасаган кичи цехтин жийиркеничтүү абалы интернетке тарады. Текшерүүгө барышканда ал жер кампа болуп калган

Интернет желесине Ош шаарындагы торт чыгарат делген жайдын жийиркеничтүү абалдагы сүрөттөрү жарыяланган. Сүрөттөрдү Эрмек Муратбек уулу аттуу колдонуучу кечээ, 30-октябрда жарыялап, абалын мал баккан сарайдан да жаман деп сүрөттөгөн.

"Туран кичи районунда жайгашкан, өздөрүн "Анкара" деп атап алган кондитердик фирманын көрүнүшү. Бул эмне деген шумдук? Кардардын да укугу корголушу керек", - деп жазган ал. Сүрөттөр интернетте кызуу талкуу жаратып, Ош шаардык мэриясы текшерүү жүргүзүлө тургандыгын билдирип, шаардык санитардык-эпидемиологиялык станцияга тапшырма берген.

Көп өтпөй аты аталган колдонуучу торт даярдаган цех ички абалын тез аранын ичинде өзгөртүп жибергенин жарыялады. Анын билдирүүсүнө ылайык, аталган жайды кампа кылып, азыктар сакталып тургандай көрүнүшкө келтиришкен.

Торт жасалып жаткан жай өзгөртүлгөндөн кийинБул боюнча SUPER.KG порталы Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборуна кайрылганда, чындыгында аталган даректеги жай сүрөттөгү абалдан бир топ өзгөргөнүн билдиришти. Борбордун башкы дарыгери Светлана Шерматова өзү бүгүн, 31-октябрда бул дарекке барып келгенин, ал көмүскө иштеген цех экенин айтты.

Шерматова текшерүүгө барышканда ал жайды өзгөртүп салышканын айтты "Биз барганда ал жайды сүрөттөгүдөн өзгөртүүгө аракет жасалып, башкача болуп калыптыр. Эч кандай торт жасагандай көрүнбөйт, кампа экенин эле көрүүгө болот. Антсе да буга чейинки абалын сүрөткө тартып алгандардын көрсөтмөсү менен ошол жайдын ээсин табууга аракет кылдык. Бирок ал эч нерсени моюнуна албай жатат.

Биздин текшерүүлөрүбүздө алдын ала алынган маалыматтар боюнча бул цех "Анкара" деп аталган ишкананын атын жамынып, көмүскө түрдө ошолордун жасалма товарларын чыгарып турган. "Анкара" ишканасы аларды сотко берүүгө ниеттенүүдө. Бул жай биз барганга чейин эле жабылыптыр, мындан ары кайра иш жүргүзбөшү үчүн көзөмөлдө болот.

Эгер чын эле сүрөттөгүдөй абалда торт жасап, сатыкка чыгаргандары аныкталса, анын ээсине айып салынат. Учурда текшерүү, териштирүү иштери уланып жатат", - деди Шерматова.

Ошто торттор кир кампада жасалып, сатыкка чыгарылганбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Jasa
2018-10-31 16:33:02
Соз жок!Эми тортту коргондо айланып откуло,эч ким албай банкрот болсун,башка торт жасоочу жерлерди бир кыдырбайсынарбы,жаны жыл келатат*
+25
Baku88
2018-10-31 16:38:49
Ужас кантип кускулары келбей иштеп жүрүштү экен
+14
Asyl10
2018-10-31 16:42:33
Айнанайыыыын эмне деген жер.Малкана да тазараак болот го. Тиги иштеп жаткан кыз-келиндер акыл-эстери сообу, оздору деле бир аз ирээттеп анан иштешсе болмок да. Столдордун устун тазалап,жапкыч жаап,полдорун жууп, тазалап койбогон кандай палпыс,балит аялдар булар? Тообоо, дубалын актап коюш да кыйын окшойт. Чычкан,таракандар толуп кетсе керек бул жерде. Кондитерский азыктарды жасаганда колдорун деле жуубайт болуш керек бул кебетелеринде.Фуу торт алыштан деле жийиркенип калдык.
+15
HypcylTAH
2018-10-31 16:43:26
Эмне дээринди билбейсин!
+5
madina.87
2018-10-31 16:43:55
Иии шерменде,торт жебегиле!!!
Ким чыгарса да молодец сизге. Эл билсинда кандай жерден жасалган тортту жеп жатканын...
+10
Koichuman
2018-10-31 17:02:48
Эми Анкара эмес башка фирма болуп бизнесин уланта беришет,карапайым калк ала берет.Кыскасы корупциянын бир далилида
+9
Arsenal93.
2018-10-31 17:06:59
Не мынча болитсинер
+6
Makain
2018-10-31 17:19:21
Акаларым укаларым далай жедиго торттон ушул
+10
titanik32
2018-10-31 18:12:24
Makain,Коңкобай акалар да көп жешти окшойт
+8
Nanei
2018-10-31 18:10:58
Кыргыз кыз келиндерби ошол торт жасаган???шумдук ыпылас балит аялдар го эээ. Мындай кебетелери менен торт жасаган жерге сийип чычып журо беришсе деле крек. Тобоо.. биротоло ажатканага кирип алып жасашса деле болмок анча бооду
+6
Gulnyr19
2018-10-31 21:56:36
Бүт эле текшерип чыгып керек ЦЭС барып акчасын алып кайта бербей дагы канча жер бар мындай ыплас
+5
asman.81
2018-11-01 07:45:30
Суроттору менен турган нерсеге эч нерсе кыла албасанар,анда ЦЭСти жапкыла!Акчасын чонтокко уруп коюп келе бердинер да.Мындан ашык дагы кандай далил керек.Коррупионерлер!!!
+5
nur85
2018-11-01 08:28:17
Дагы фартук кийип алганын. Ушундай жерде иштей берген аялдарга наалат ээ. Акыры ушул жерден тамак жешсе керек. Уят. Уят уят.
+2
meku9205
2018-11-01 09:32:40
Торт эмес эле атайын коробкага салынган таттуу азыктарго тоголок кылып жазагандарына караганда кээ бир магазиндерге кирсен когоруп кеткен таттуулары сата беришет
+1
Zizika88
2018-11-01 10:26:17
Бул жер менин уйумдон 3уй нары жакта жайгашкан. Бизди чычкан келемиштер таракандар басып буту. Озунун ичине эч кирип коргон эмесмин.
+1
Aikaaaa
2018-11-01 15:29:41
Өзүң жебегенден кийин боло берет деген да ой болот экен. Бул иштеген аялдар ошол торттон алып жешпейт болуш керек. Күнүгө иштеген акчасын алышат, болду да. Мен да бир жерден көрдүм элем, конок келмек, кой сойгон бала келинчеги экөө койдун боору жарабай калыптыр, мейли биз жемек белек деп казанга салып атышканын көрүп таң калгам
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан