Бишкекте дайынсыз болуп 3 күндөн соң табылган келиндин жолдошу: "Келинчегим өзү мага байланышка чыкты"

Бишкекте 3 күндөн кийин табылган Гүлмира Ташпулатова шаардагы Жал кичи районунан табылганын анын жолдошу Закир Аманбаев SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, жубайы жолдошуна өзү байланышка чыккан.

"Жубайым табылып, эмчектеги балабызга жакшы болду. Күлкүсү чыгып, апасы менен болуп жатат. Мен аялымдын кайда, эмне кылып жүргөнүн толук сурай элекмин. Ал азыр толук өзүнө келип эс алсын деп жатабыз. Үч күндүн ичинде анын курсагы ачканын, бир аз үшүп калганын байкадык. Бирок денесинде эч кандай жаракат жок. Ден соолугу да туруктуу экен. Мага Жал кичи районунан бир аял байланышка чыгып, анын ошол жакта экенин айтты. Кандайча номерди алганын сурасам, Гүлмирага көчөдө жүргөн жеринен чакырып чай берген соң, ал менин номеримди эстеп телефон чалдырыптыр. Менин оюмча, ал үйдөн чыккан соң Жал аймагында эле жүргөн окшойт. Кимде ким жубайымдын табылуусуна көмөк көрсөткөн болсо, ыраазычылыгымды билдирем", - деди Закир Аманбаев.

Эске салсак, Гүлмира Ташпулатова 27-октябрда үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз жоголуп, 30-октябрда табылган. Ташпулатованын жолдошу "Жубайым төрөттөн кийин өзүнөн өзү эле эсин жоготуп коюп жаткан. Бирок дем салдыргандан кийин жакшы болуп бараткан. Ал үчүнчү балабызды июль айында төрөгөн" деп билдирген болчу.

Төрөттөн кийин эс тутумун жоготуп, басып кетип жүргөн келин 3 күндөн кийин табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tattusha
2018-10-31 14:00:29
Дем салдырып коюп журо бербей эртерээк больницага алып барып текшерт, аялын ооруса балан куурайт, балага эне керек.
+10
Almaz_kg
2018-10-31 20:28:06
tattusha,
Андай оорусуна точный диагноз койалбайт врачтар. аны ичип кор муну ичип кор..
+4
nargiz94
2018-10-31 14:07:08
Куйоосу сабырдуу экен.
+4
kechirmeni
2018-10-31 14:14:28
Кудайга шугур!!!
+2
altyn7776
2018-10-31 14:36:20
колундагы баласы уйдо калган деп жатат, тушунбой эле урдура бербечи
+4
kechirmeni
2018-10-31 14:37:18
Бизде сразу жаман ойлоп баштайбыз, оорулуу болсо ар кандай нерсе болушу мумкун,ашыкча кызганыч жаман нерсе, пайгамбарыбыз (САВ) "Жакшы кумон кылгыла","Силердин аранарда жакшынар аялынарга жакшы мамиле кылганынар " деп осуят калтырган.
+10
Medina87
2018-10-31 15:18:06
Аялдардын арасында айрымдар тороттон кийин Послеродовой депрессия на чалдыгып ооруйт.
Бул келиншек да ошентип ооруйт сыяктуу.
Кудай колдоп айыгып кетсин!
+3
Asyl10
2018-10-31 16:22:14
Жакшы аман-эсен табылыптыр. Бирок андай эсин жоготчу оорусу болсо баласын кандай карайт. Коркунучтуу го. Тезинен врачка алып барыш керек,дем салдырдык деп отура бербей. Балким талмасы бардыр,баланы кантип багат оорусу болсо. Жакшы врачка корунуш керек. Азыр 15 - кылым эмес го дем салдырып эле отура бергидей.Диагнозун аныкташ керек да.
0
kechirmeni
2018-10-31 16:24:35
врачка да корсотуш керек дем да салыш керек, жин оорусу болсо врачтар дарылай албайт.Совместно дарылаш керек
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан