Айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактылары боюнча 20 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Чыңгыз Айдаров 31-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ал айдоочулук күбөлүктөр психикалык жактан ооруган жана унаа айдоо укугунан ажыратылган жарандарга берилген.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын каттоо департаменти тарабынан жарандарга айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилген учурлар аныкталды. Жалпысынан психикалык жактан ооруган жана сот тарабынан унаа айдоо укугунан ажыратылган жарандарга айдоочулук күбөлүгү берилген 20 факт боюнча кылмыш иши козголду. Мындан тышкары автомектептерде лицензиясынын мөөнөтү өтүп кеткенине карабай окугандыгы тууралуу күбөлүк берилген учурлар аныкталган. Бул фактылар боюнча да кылмыш иштери ачылды", - деди Чыңгыз Айдаров.