Борбордогу көчөлөрдүн биринде жол чырак иштебей калып, айдоочулар ортосунда жол талашуу жаралды

Бүгүн, 31-октябрь күнү Бишкектин Элебесов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей калды. Анын кесепетинен айдоочулар бири-бирине жол бербей, баш аламандык орун алууда. Бул айдоочуларга гана эмес, жөө адамдарга да ыңгайсыздыкты жаратууда.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына караштуу Курулуш-монтаждоо эксплуатация башкармалыгынан аталган аймакта электр чубалгыларын оңдоо иштери жүрүп жатканын маалымдашты.

"Жол чырактар негизи электр зымдарына ток келбей калган учурда иштебей калат. Ал тууралуу биздин башкармалыкка билдирүү түшсө, кызматкерлер барып аны оңдоп кайтышат. Ал эми Элебесов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак саат 17:00гө чейин иштебейт", - деп билдиришти башкармалыктан.

Элебесов-Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tattusha
2018-10-31 15:52:49
Админ каяка жазыш керек маселелер боюнча? сайтта корсотулгон номер боюнча жиберсем чыккан жоок
0
tattusha
2018-10-31 15:53:43
кайрылуу канча убакыттын кийин чыгат порталга
0
Jasa
2018-10-31 16:12:12
Бизде мусулман калк болсок да бири бирин сыйлоо жок,андай светафор чон эле питерде деле иштебей калат кээде,жандары чыкбай эле согунуп кагынбастан 30секунд берки жак анан аркы жак кылып айдай беришет тан каласын кээде,же булар ошого конгонбу
+2
fanatka19
2018-10-31 18:54:36
жол чырак иштебесе знак деген бар биздин айдоочуларга соз жок карангы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан