Депутат Айсулуу Мамашева үй-бүлөнүн жалпы кирешесинен студенттердин стипендиясын алып коюуну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-октябрда парламент жыйынында айтты.
“Бир студенттин алган стипендиясынын көлөмү 800 сомго чейин эле экен. Үй-бүлөнүн кирешесин эсептөөдө бул стипендияны эсепке албаш керек. Себеби стипендия алып окуган студенттер бул “5” деген баага окугандар, андайлар аз эле болот. Стипендия - студент үчүн стимул бере турган каражат”, - деди Мамашева.
Жөлөк пул боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамдын демилгечиси Кенжебек Бокоев да бул сунушту колдоп, эске аларын билдирди.
“644 студенттин стипендиясын үй-бүлөлүк кирешеден алып койсок, бюджетке оорчулук деле келбейт”, - деди Бокоев.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиевдин маалыматы боюнча, өлкөдө 244 миң бала жөлөк пул алат. Алардын ичинен 644 бала стипендия алып окуйт.