"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалал-Абад шаарынын мэри: "Шаардагы бардык эс алуу бактары көзөмөлдө турат"

"Жалал-Абадда студенттер согуш курмандыктарына арналган эстеликтин үстүнө чыгып сүрөткө түшүп жатышат" деген билдирүүсүн окурман 26-октябрда "ЭЛДИК КАБАРга" жиберген.

Ал студенттердин мындай аракетин согуш курмандыктарына сый-урмат көрсөтпөгөндүк катары баалап, "аларды тарбияга чакыра турган жетекчилер жокпу?" деген суроо салган.

Окурмандын бул билдирүүсү тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевге кайрылганыбызда, ал шаардагы эс алуу бактары атайын кызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнө тургандыгын билдирди.

"Жалал-Абад шаарында эс алуучу 2 бак бар. Бири "Токтогул", экинчиси "Жеңиш" сейил багы. Экөөндө тең бактагы эстеликтерди, аттракциондорду, тигилген өсүмдүктөрдү кайтаруучу кызматкерлер бар. Мындан сырткары тартипти сактоочу милиция бөлүмчөлөрү бар. Бирок шаар Жалал-Абад облусунун борбору болгондуктан, бул жактагы окуу жайларга бир нече райондон келип, билим алган студенттер көп. Ар кандай майрамдарда, даталуу күндөрдө баарын көзөмөлдөп турганга жетишүү кыйын болуп калат", - деди ал.

Ошондой эле Тагаев шаардык мэрия студенттерге, окуучуларга коомдук жайларда жүрүүнүн эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан